Үстүбүздөгү жылдын 5 айында республика боюнча 823 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 16 адам каза болуп, 11 адам жабыркаган.
Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 39,2 пайызга азайган. Ал эми материалдык чыгымдар 227 млн сомдон ашык каражатты түздү.