• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

“Акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда өтөт

25 Чын куран 2024 16:21 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл республиканын жалпы билим берүү уюмдарында “Акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда саат 9да өтө тургандыгын маалымдайт.

Маалыматта айтылгандай, республиканын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

“Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

  • райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу;
  • билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу чогулуштарды өткөрүү.

«Эскертүү! Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт», — деп кошумчаланды маалыматта.

Количество просмотров: 95