• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Акыркы коңгуроо салтанаты качан өтөт? Министрликтин жообу

19 Бугу 2022 12:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда «Акыркы коңгуроо» салтанаты 9-июнда саат 9:00дө өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл мектепти 60 миңден ашык окуучу окууну аяктайт.

«Окуу жылынын аяктап баратканына байланыштуу министрлик республикадагы бардык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, усулдук билим берүү борборлорунун жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн. Анда мектептерде «Акыркы коңгуроо» салтанатын коопсуздук талаптарына ылайык уюштуруу маселелери каралган. Мектеп жетекчилерине окуучулардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасы берилип, мектептен чыккандан кийин жоопкерчилик ата-энелердин мойнунда болору эскертилди»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталган.

Количество просмотров: 1837