• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Акыркы коңгуроого акча чогултууга тыюу салынды

12 Бугу 20239:10 Бишкек Govori.TV

Мектептерде акыркы коңгуроо салтанатына карата мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда мектептен сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери күнү-түнү күзөт уюштуруу жүктөлдү. Андан тышкары, кафе-ресторандарда өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди. 

Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 97