• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Мамлекеттик күзөт кызматкеринин өлүмү боюнча 5 адам кармалды

24 Теке 202614:18 Бишкек Govori.TV

Каза болгон Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерин сабоого шектелген беш адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 29-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун №1 реанимация бөлүмүнөн 2003-жылы туулган Ж.Т. аттуу жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Свердлов РИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маркум Мамлекеттик күзөт кызматында күзөтчү болуп иштеп келгени аныкталган. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, 29-июнда саат болжол менен 07:40та кызматтык сапта турган учурда күтүүсүздөн эсин жоготуп, жерге кулап түшкөн. Ага дароо алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, кызматтык автоунаа менен Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Бирок көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

«Маркумдун сөөгүнө жүргүзүлгөн сырткы кароодо денесинде көзгө көрүнгөн оор жаракаттар аныкталган эмес. Ошол эле учурда көкүрөк тушунда көгөргөн жана сыйрылган издер катталып, алардын келип чыгуу жагдайларын тактоо максатында тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, материалдар караштуулугу боюнча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми 22-июлда Ак-Суу РИИБине Жети-Өгүз районунун 1992-жылы туулган тургуну З.Б. арыз менен кайрылган. Арызда 2026-жылдын 11-июнунан 12-июнуна караган түнү анын бир тууган иниси Ж.Т. Ак-Суу районундагы айылдардын биринде сүйлөшкөн кызына барганда белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынып, денесинен жаракат алгандыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле арызда Ж.Т. бул окуя тууралуу эч кимге билдирбестен Бишкек шаарына жумушка кеткендиги жана 2026-жылдын 29-июнунда каза болгондугу маалымдалган.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, күбөлөр суракка алынган. Жүргүзүлгөн сотко чейинки иш чараларынын натыйжасында окуяга тиешеси бар адамдардын өздүктөрү аныкталып, алар Ак-Суу районунун тургундары Ч.С., Д.Н., С.Н., Б.А. жана И.А. экени такталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр мыйзамда белгиленген тартипте суракка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

23-июлда Ак-Суу райондук соту тарабынан 2010-жылы туулган Б.А. жана И.А.га карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Ал эми Ч.С., Д.Н. жана С.Н.га карата бөгөт коюу чарасын кароо бүгүн, 24-июлда Ак-Суу райондук сотунда каралат.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары уланууда

Количество просмотров: 10