Миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн соттордун чечимдеринин негизинде 450дөн ашуун чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу 24-июлда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан тышкары 7900дөн ашуун чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы суммасы 65 миллион сомдон ашык айып пул салынды.
«39 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Чет өлкөлүктөрдү жумушка тарткан айрым уюмдарга да мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн айып салынды», — деп айтылат маалыматта.
Милиция акыркы күндөрү 12 курулуш компаниясында 1500дөн ашык чет өлкөлүк жарандын катышуусунда түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.