• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Акыркы коңгуроого акча чогултууга тыюу салынды

19 Бугу 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги Акыркы “коңгуроо өткөрүү” боюнча сунуштарды иштеп чыгып, аны бардык мектептерге жөнөттү. Ага ылайык, иш-чаралар мектептин бакчасында же жакшы желденген ачык аянтчаларында өтөт. Мектеп аймагына чоочун киши киргизилбейт.

Мектептерде акыркы коңгуроо 8:00ден 8:45ке чейин болуп, анда талантуу бүтүрүүчүлөр сыйланат.

Министрлик “Акыркы коңгуроо”, сынактар жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация учурунда, мындан тышкары жаңы окуу жылына даярдануу үчүн окуучулардан жана бүтүрүүчүлөрдөн акча чогултууга тыюу салды.

Бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине класс жетекчилерге жана мугалимдерге баалуу белектерди берүүгө, кошумча салтанаттарды – банкеттерди өткөрүүгө болбой турганы айтылды.

Бул эрежелерди көзөмөлдөө мектептердин Байкоочу кеңешине жүктөлдү.

Количество просмотров: 495