• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды

30 Аяк оона 2022 10:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкек шаарында А.Токтоналиев көчөсү “Вкусный домик” кафесинин жанында ачык аянтта 300 чарчы метр куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сузак районунун Кашка-Терек айылындагы Жалил Ажы көчөсүндө жалпы аянты 96 чарчы метр 2 кабатуу сарай толугу менен жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен районунда Кара-Токой айылы, Көзү-Булак көчөсүндө жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры, 3 тонна эспарцет чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 100