• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акыркы суткада 12 өрт кырсыгы катталды

29 Бештин айы 2022 10:39 Бишкек Govori.TV

Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкектеги 12-кичирайондун ГСК гараж курулуш кооперативинде жыгач устундуу темир менен жабылган жалпы аянты 25 чарчы метр болгон гараж жана Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Арча-Бешик конушунун Сейдибалы көчөсүндө турак үйдүн короосунда отун жана 2 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ак-Суу районунун Жергез айылында жалпы аянты 120 чарчы метр болгон бастырма толугу менен жана 150 түк чөп, 150 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 125