• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акыркы суткада 13 адамдан коронавирус табылып, 1 бейтап каза болду

3 Чын куран 2022 12:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 3-апрелге карата Бишкекте шаарында коронавирустун жаңы 13 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 10 адам илдеттен сакайып чыгып, бир киши каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 90 бейтап, амбулатордук түрдө 57 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 243 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 76