• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акыркы суткада 13 өрт кырсыгы катталды

4 Чын куран 2022 9:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүугө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Свердлов районундагы Бөкөнбаев көчөсүндө “Эконом” дүкөнүнүн ичинде жалпы аянты 60 чарчы метр шыбы, азык түлүк товарлары жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы Абидов көчөсүндө Жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 24 чарчы метр чатыры жана 50 даана төшөк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Москва районунда турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 1957-жылы туулган К.В. аттуу жаран каза болгон.

Количество просмотров: 55