• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды

6 Бештин айы 2022 10:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Анын ичинде Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө “Шашлычная» ашканасынын 60 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылындагы Жазданбаев көчөсүндө сарайдын ичиндеги 900 түк чөп жана сарайдын сыртындагы жыйылган 120 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 52