• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды

16 Бештин айы 2022 11:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Алсак, Бишкек шаарынын Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 40 чарчы метр болгон турак үйдүн үч бөлмөсү, үй-буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган 162 чарчы метр сарай, 250 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн 10 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 12 чарчы метр болгон бир бөлмөсүнүн шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 94