• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акыркы суткада 20 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап каза болду

27 Бирдин айы 202210:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 27-февралга карата коронавирус 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 8, Ош облусу – 3, Ысык-Көл облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 138 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 191 бейтап, амбулатордук түрдө 699 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 478 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 56 киши айыгып чыкса, 2 миң 956 адам каза болду.

Количество просмотров: 88