• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Акыркы суткада 24 өрт кырсыгы катталды

21 Баш оона 2023 12:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 24 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 8, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 5, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган.

Алсак, Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында жалпы аянты 85 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен жанаша жайгашкан турак үйдүн жана бастырманын жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 140 чарчы метр чатыры, 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Кочкор-Ата кичи шаарчасы жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн, бастырманын жана мончонун жалпы 46 чарчы метр чатыры жана 1 кубметр отун күйгөн. Кошумча Кочкор-Ата шаарынын Кыргыз нефть газ ишканасынан 1 бөлүм тартылган. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

Количество просмотров: 56