• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акыркы суткада 39 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду

24 Бештин айы 20219:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 24-декабрга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 23;
  • Ош шаарында – 1;
  • Чүй облусунда – 3;
  • Ош облусунда – 4;
  • Ысык-Көл облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 55 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 287 бейтап, амбулатордук түрдө 337 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 497 киши айыгып чыкса, 2 миң 790 адам каза болду.

Количество просмотров: 82