• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды

15 Жетинин айы 2021 9:43 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

  • Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 120 чарч ыметр турак үй толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдардын кыска чыңалуусунан келип чыккан.
  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жарадар айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 40 чарчы метр мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
  • Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында күрөөкананын 4 чарчы метр шыбы жана эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Количество просмотров: 123