• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Акыркы суткада 95 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду

16 Аяк оона 2021 10:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 16-сентябрга карата коронавирус 95 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 57, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 23, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 135 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 594 бейтап, амбулатордук түрдө 941 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 484 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 902 киши айыгып чыкса, 2 миң 581 адам каза болду.

Количество просмотров: 108