• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Акыркы суткада Бишкекте 2 унаа өрттөнүп кетти

18 Жалган куран 2021 10:07 Бишкек Govori.TV

Соңку суткада республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва көчөсүндө «Джип Чероки» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана ички салону күйгөн. Ошондой эле М.Ауэзов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде, «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Өрт чыккан облус-шаарлар:

— Бишкек шаарында 2,

— Чүй облусунда 2,

— Талас облусунда 2,

-Жалал-Абад облусунда 2,

— Ош облусунда бир өрт кырсыгы катталган.

Теги:
Количество просмотров: 88