• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

«Акыркы троллейбус» акциясы өттү. Активисттер эмнеге нааразы?

3 Теке 202420:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте активисттер мэриянын имаратынын маңдайына чогулуп, троллейбустардын каттамдан алынып жатканына каршы пикирлерин билдиришти.

Алар экологиялык таза транспортсуз борбордун жакынкы келечеги тууралуу өз көз караштары менен бөлүшүштү.

«Троллейбустар — экологиялык жактан эң таза коомдук транспорт. Алар алынса тездик менен өсүп жаткан борбор калаанын абасы ого бетер начарлайт»,-дешет алар.

Активисттер 19-июндан тарта Бишкек мэриясы троллейбус түйүндөрүн демонтаждап баштаганын, шаардын түштүк-батыш тарабын троллейбус каттамдарынан ажыратып, бардык троллейбустарды алып салуу пландалып жатканын эске салышты.

Количество просмотров: 113