Учурда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия менен аба каттамын жандандырган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
«Бишкек-Дубай» багыты боюнча «Флай Дубай» авиакомпаниясы жумасына 3 жолу каттап жатат. Түркияга «Бишкек-Стамбул» багыты боюнча «Түрк аба жолдору», «Пегасус Эйрлайнс» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары учуп жатат. Алар жумасына 4 каттамдан аткарууда. Ал эми «Бишкек-Анталия» багыты боюнча «Пегасус Эйрлайнс» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары аптасына 2 жолу каттап жатат»,-деди Акышев.
Ошондой эле Акышев коңшу мамлекеттер менен аба каттамын жандандыруу чечими кабыл алынып, Өзбекстанга «Ташкент-Бишкек» жана Казакстанга «Алматы-Бишкек» багыты боюнча каттамдар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.