Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.
Өзбекстанда акысыз батир алгысы келген аял эки манжасын кесип салган. Бул маалыматты Ташкент шаарынын мамлекеттик администрациясынын башчысы Жахонгир Артыкходжаев маек учурунда тастыктаган.
“Акысыз батирлер майып жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бериле турганын айтып,аялды узаткам. Бир жума өткөндөн кийин аял кайра келип,батир талап кылганда, мен берилбей турганын айткам. Натыйжада ал үйүнө барып эки манжасын кесип салыптыр. Андан соң колун көрсөтүп, майып болуп калганын айтып, батир берүүнү суранды. Мындай көрүнүшкө таң калса болот”,-деп билдирген администрация башчысы.