• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Акжол Махмудов качан үйлөнөт?

15 Аяк оона 2022 9:52 Бишкек Govori.TV

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медал алган кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов Кыргызстанга кайтып келди.

Маалымат жыйында Махмудовго журналисттер тарабынан «финалдык беттеште машыктыруучуңузга аты жок бармагыңызды көрсөттүңүз, жакында үйлөнөсүзбү?» деген суроо узатылды.

«Дүйнө чемпионатынын алдында машыктыруучуларым жана үй-бүлөм менен сүйлөшкөм. Эгер утсаң сага уруксат беребиз дешкен. Бул жеңиш ынтымак менен биримдиктен келип чыккандыктан мен өзүмдүн жеке каалоом менен бул жолго бара албайм. Машыктыруучуларым туура көрсө, быйыл үйлөнсөмбү деп ойлогом»,-деди ал.

Эскерте кетсек, 13-сентябрда Сербияда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер толук аяктаган. Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Чемпионаттын алгачкы күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов (67 кг) коло жеңди. Ал эми Жоламан Шаршенбеков (60 кг) үчүнчү, жыйынтыктоочу күндө өз өлкөсү үчүн дагы бир алтын байгени алып келди.

Количество просмотров: 220