Токио-2020 олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды алган кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов өзүнүн таймашка кийип чыккан спорттук формасын аукционго койду. Бул тууралуу өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.
«Мен бала чагыман бери Олимпиаданын алтын медалын жеңүүнү көксөп, жана муктаж болгондорго жардам берип, өз өлкөмдүн спорттунун гана өнүгүшүнө эмес, элдин жыргалчылыгына салым кошууну кыялданып келдим. Ал эми бүгүн ошол максаттарымды ишке ашыруу үчүн алгачкы кадамынды кылып жатам десем болот. Азыркы учурда менин колумдан келгени өзүмдүн трикомду сатыкка коюу болууда», — деп жазган ал.
Сатыкка койгон кызыл түстөгү трикосунун баштапкы баасы 50 АКШ доллары деп көрсөтүлдү.
Спортчу аукциондун жыйынтыгы август айынын соңунда чыгарын, андан түшкөн каражат толугу менен кайрымдуулукка жумшаларын кошумчалаган.