• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Ыңгайсыз». Депутат мектеп окуучуларынын формасын карап чыгууну сунуштады

25 Бирдин айы 202610:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөгөн депутат Дастан Бекешев мектеп окуучуларынын формасы карап чыгууну сунуштады.

Депутаттын айтымында окуучулардын учурдагы формасы ыңгайсыз болууда, бул тууралуу ага окуучулардан даттануулар түшкөн.

«Мен мектеп формасын толугу менен жокко чыгарууну сунуштап жаткан жокмун. Бирок мен Министрлер Кабинетинен кийим кодексин кайра карап чыгып, балдарга ыңгайлуу кийимдерди, башкача айтканда, күнүмдүк стилди кийүүгө уруксат берүүнү суранам», — деди ал.

Количество просмотров: 125