Кыргызстанда мектеп формасын милдеттүү түрдө алып салууну билим берүү мекемелеринин биринин окуучусу өтүнүүдө. Тиешелүү петиция change.org порталында пайда болду. Ага дээрлик 7 миң адам кол койду.
«Мен Кыргызстандагы мектептин окуучусумун. Жыл сайын ата-энем жана мен ыңгайсыз жана бат бузулган кийимдерге көп акча коротобуз. Жайында ысык, кышында суук, көпчүлүк үй-бүлөлөргө аны сатып алуу кыйынга турат. Менин оюмча окуучулар мектепке өздөрү тандаган таза жана тыкан кийимдерди кийип келүүгө укуктуу болушу керек. Мектеп формасы көп жылдардан бери окуучулардын жана ата-энелердин нааразычылыгын жаратып келет. Мунун негизги себептеринин бири — кымбаттыгы. Көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн, айрыкча үй-бүлөдө бир нече бала болсо, кийим-кече сатып алуу чоң акчаны талап кылат. Форманын сапаты жакшы эмес. Көбүнчө материалдар ар кандай климаттык шарттарга ылайык келбейт: кышында форма муздак, ал эми жайында ысык. Бул окуучулардын эс алуусуна жана ийгиликтерине терс таасирин тийгизет. Мындан тышкары, милдеттүү мектеп формасы өзүн-өзү таануу укугун жана кийим аркылуу көргөзүлгөн чыгармачылыкка таасир этет. Окуучуларга ыңгайлуу жана ылайыктуу кийимдерди тандоого мүмкүнчүлүк берилиши керек, бул ар бир окуучунун өзүнчө өзгөчөлөнүшүнө шарт түзөт», — деп айтылат петицияда.
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча комментарий берди.
«Талапка ылайык, балдар үчүн формага ак классикалык көйнөктөр, ошондой эле кара, күрөң, көк же караңгы кызыл түстөгү костюм, жилет жана шым кирет. Кошумча классикалык галстук кийүүгө уруксат берилет. Кыздар үчүн классикалык стилдин ар кандай комбинациялары каралган: блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук же костюм. Мектептерде спорттук кийимдерди жана бут кийимдерди, джинстарды, ошондой эле эс алуу үчүн же үйдө колдонулуучу буюмдарды кийүүгө тыюу салынат. Ошондой эле мектеп формасында атайын мектептин же класстын белгилери, мисалы, эмблемалар, белгилер же жапкычтар болушу мүмкүн», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.
Эске салсак, Кыргызстанда мектеп формасы милдеттүү.