«Ала-Арча» жаратылыш паркында жаңы амфитеатрдын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Президенттин иш башкамалыгынан билдиришти.
Амфитеатрды Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев расмий түрдө ачып, акыркы убактарда «Ала-Арча» паркында болуп жаткан чоң өзгөрүүлөргө токтолду.
«Учурда «Ала-Арча» жаратылыш паркында тынымсыз өзгөрүүлөр болууда. Алсак, Ала-Арча паркы Бишкек шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашып, Кыргызстандын эң кооз жана туристтер көп келген эс алуу жайларынын бири. Парк жаратылышты коргоо, экотуризмди өнүктүрүү жана элдин маданий эс алуусун камсыздоо максатында тынымсыз жаңыланууда. Май айынан тарта парктын аймагына электрокарлар менен кирүү каралып, жаратылышыбыздын тазалыгын сактоо башкы максат болуп калды. Алдыда дагы да калктын ыңгайлуу эс алуусу үчүн шарттарды түзүүнү токтотпойбуз», — деди Туманбаев.