• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Арчада бутун кокустатып алган эс алуучу куткарылды

7 Үчтүн айы 202611:59 Бишкек Govori.TV

Ала-Арчада бутун кокустатып алган эс алуучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору жагында жайгашкан шаркыратма тилкесине эс алууга чыккан эркек киши бутун кокустатып алып, түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ала-Арча паркында нөөмөттө турган Эдельвейс куткаруу кошуунунун 3 куткаруучусу тартылып, 45 жаштагы М.Н. аттуу жаранды Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткирип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Абалы туруктуу.

Количество просмотров: 127