• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ала-Арчада орусиялык туристтин сөөгү табылды

16 Баш оона 2022 14:30 Бишкек Govori.TV

Чүйдө россиялык туристтин сөөгүн ӨКМ куткаруучулары тоодон түшүрүштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-август күнү Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан Россия Федерациясынын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-ж.т. Е.А. аттуу эркек киши кулап, каза болгон.

Жерине КР ӨКМнин КДМБнан (Эдельвейс куткаруучулар тобу) 6 куткаруучу тартылып, жогору аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ал эми экинчиси 1991-ж.т. Н.К. жабыр тарткан эмес.

Количество просмотров: 415