24-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара отрядынын аскер кызматкерлерине жаңы салынган батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.
Аталган иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Р. Дүйшенбиев, Мамлекеттик чек ар кызматынын төрагасынын орун басары Д.Сатимов жана бир катар аймактык жетекчилер катышты.
Маалыматка ылайык, аскер бөлүгүнүн аймагына 24 батирлүү 3 кабаттуу үй салынып бүттү. Үйдүн курулуш иштери Орусия тараптан каржыланды. Курулушка кеткен жалпы каражат 53 млн. 652 миң сомду түздү. Ал эми имараттын курулуш иштери 2017 жылдын апрель айында башталган.