• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ала-Букада 200 окуучу чатырларда билим алууда

31 Үчтүн айы 2019 16:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.01.2019. Govori.TV

Ала-Бука районунун 1-май айыл айыл аймагына караштуу Ажек айылындагы №20 Ажек орто мектебинин 200дөй окуучусу январь айынан тартып чатырларда окуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” 1-май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев билдирди.

— Эски мектептин экинчи корпусунун дубалынан жарака кетип, окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан былтыр сентябрь айында маданият үйүнө көчүрүлгөн. Кышкысын күндүн кыскалыгынан окуучуларды нөөмөт менен окутуу мүмкүн болбогондуктан үч чатырга 200 окуучуну алып чыктык. Ал эми калган окуучулар маданият үйү менен мектептин дагы бир жараксыз корпусунда билим алууда, – деди Шербаев.

ӨКМ маданият үйүнүн алдына үч чатыр тигип, жергиликтүү бийлик ичин жылуулаткан. Ажек айылына жаңы мектеп салуу тууралуу айылдыктардын маселеси азырынча карала элек.

Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан 1-май айыл аймагынын Ажек айылында үч миңден ашык калк жашайт. Мектеп имараты 1959-жылы курулуп, ӨКМ тарабынан эки жолу жараксыз деген бүтүм чыгарылган. Бирок имарат тартыштыгынан улам 200 окуучу авариялык имаратта, 100 окуучу маданият үйүндө, 200дөн ашыгы чатырларда билим алып жатышат. 1-май айыл аймагында 8 мектеп бар болсо, анын үчөө авариялык абалда.

Булак: «Азаттык» радиосу

Количество просмотров: 28