• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ала-Букада сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткен

15 Чын куран 20259:28 Бишкек Govori.TV

Ала-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел жүрүп, 2 ички унаа өтүүчү көпүрөнү жана 2 жеңил унааны агызып кеткен. Жабыр тарткандар жок.

Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2 оор инженердик техника тартылып, ички жолдор калыбына келтирилип, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарына баруучу жол эки тараптуу ачылды.

Жеринде Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тарабынан тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.

Количество просмотров: 119