• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ала-Букада сел жүрдү

14 Чын куран 202517:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Тайлак айылында болжол менен саат 15:30 чамасында мөндүр аралаш жамгыр жааган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел суулары түшүп, 1 турак үйдүн короосун каптаган жана “ВАЗ 2017” үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен.

Аталган аймакка ӨКМдин Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 147