• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ала-Тоо 24» телеканалынын кызматкеринен вирус аныкталды

22 Кулжа 202017:54 Бишкек Govori.TV

«Ала-Тоо 24» телеканалынын кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Маалыматка карганда, бир кызматкердин коронавирус аныкталып, имарат толугу менен дезинфекцияланган.

«Имараттар бир нече жолу дезинфекцияланды. Бардык каналдар штаттык режимде иштеп жатат. Кабарчы менен байланышта болгондун баары карантинге кетти», — деп билдирген Жайнак Үсөн уулу.

Кошумчалай кетсек, 22-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 205 учур катталып, республика боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 3356 адамга жетти.

Количество просмотров: 124