• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду

6 Кулжа 202215:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 11:13тө бала сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. 11:27де «Тез жардам» кызматы барганда бала суунун үстүнө калкып чыгып калган. Каза болгон бала №95 мектептин 3-классынын окуучусу экендиги такталды.

«Окуяга байланыштуу реанимациялык иш-чаралар жасалган. Баланын каректери кеңейип, өпкөсүнө суу толуп калган», — деп билдиришти министрликтен.

«Ала-Тоо» аквапаркы убактылуу жабылганы белгилүү болду. Бирок комментарий беришкен жок.

Количество просмотров: 1294