• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Ала-Тоо» аянтына парламент кабыл алган желек илинди 

8 Үчтүн айы 2024 9:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-январда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтына Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган желек илинди.

Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Ала-Тоо аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты.

«Аземге Бишкек шаарынын тургундары да күбө болушту. Тууну көтөрүү учурунда аскердик оркестрдин коштоосунда мамлекеттик гимн жаңырды»,-деп айтылат маалыматта.

Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь күнү белгилүү болгон. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, нааразычылыктар менен коштолгон.

Теги:
Количество просмотров: 93