Жамгырдан жана катуу шамалдан Кыргызстандын мамлекеттик желеги Бишкектеги Ала-Тоо борбордук аянтында түшүп калган. Бул тууралуу күбөлөр билдиришүүдө.
Алардын айтымында, бүгүн эртең менен Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери түшүп калган желекти жаңысына ыкчам алмаштырышты.
Белгилей кетсек, кечээ кечинде борбор калаада аба ырайы кескин өзгөрдү. Катуу шамал күн күркүрөгөн булуттарды алып келип, шаарга нөшөрлөгөн жамгыр жаады, айрым жерлерде мөндүр жаады.