• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Ала-Тоо» аянтында кечкисин унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди

22 Бештин айы 2020 9:38 Бишкек Govori.TV

21-декабрдан 8-январга чейин кечки саат 20:00дөн 01:00гө чейин Чүй проспектиси Эркиндик проспектисинен тарта Панфилов көчөсүнө чейин жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришьи.

Бул чаралар коомдук тартипти, шаардыктарды жана анын конокторунун коопсуздугун коргоо үчүн жасалгандыгын айтышты. Мындай чечимге шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Бишкек мэриясы шаардыктардан утурумдук жараткан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, калаа тургундарына бул күндөрү транспорт менен жүрө турган жолдорун алдын-ала тактап алуу эскертет.

Количество просмотров: 78