• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ала Тоо» аянтында музыкалык кечелер өткөрүлөт

2 Аяк оона 202414:27 Бишкек Govori.TV


2-3-4- сентябрь күндөрү Бишкектин «Ала Тоо» аянтында “Күз кайрыктары” аттуу музыкалык кечелер өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Кеченин программасы:

  • 2-сентябрь саат 19:30дө А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын концерти;
  • 3-сентябрь саат 19:30да Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын фольклордук топторунун концерти;
  • 4-сентябрь саат 19:40да Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын жыйынтыктоочу эстрадалык концерти;

“Күзгү кайрыктар” музыкалык кечелери бул күз мезгилинин атмосферасын музыканын жана искусствонун сыйкырдуулугу менен айкалыштырылган маданий иш-чара.

Количество просмотров: 83