• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ала-Тоо аянтындагы асфальт жаңыланууда. Иштер 24-майга чейин уланат

16 Бугу 202214:52 Бишкек Govori.TV

15-майдан тарта “Ала-Тоо” борбордук аянты оңдоого жабылып, учурда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, ишти Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти жүргүзүүдө жана 2022-жылдын 24-майында бүткөрүү пландалууда.

Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жаңы асфальт төшөлөт.

Количество просмотров: 93