• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталды

11 Аяк оона 202517:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, аны менен катар суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, кеңейтүү жана негизги жолго катарлаш болгон Биримдик-Кут конушуна кирүүчү кошумча эки тилкенин негизин даярдоо жумуштары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле, долбоордо тротуар куруу, жарыктандыруу жана учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулат. Ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20% га кɵп бак-дарактар отургузулат. Жолдун негизи курулушу быйыл аякташы мерчемделүүдө.

Количество просмотров: 160