• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош–Баткен–Раззаков жолунда асфальт басуу иштери аяктады

3 Аяк оона 202514:48 Бишкек Govori.TV

Ош–Баткен–Раззаков автожолунун 47-75-чакырымында (28 км) асфальт басуу иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, эки тилкелүү жолдун курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, бүгүнкү күндө унааларга каттам берилди.

Жеринде бардык иштер долбоордук талаптарга ылайык жүргүзүлүп, азыркы тапта тротуар, жол чырактары, жол белгилери жана жол чийиндери сыяктуу иштер аткарылууда.

Эске салсак, 2024-жылы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери аяктаган. Асфальт төшөө иштери менен катар 3 көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып колдонууга берилген.

Количество просмотров: 99