• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

«Ала-Тоо» аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту жанды (сүрөт)

14 Бештин айы 202420:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-декабрда «Ала-Тоо» аянтындагы жаңы жылдык башкы балатыны жандыруу аземи өтүп жатат.

Иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардыктарды жана конокторду келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап ийгиликтерди каалады.

Быйыл Ала-Тоо аянты өзгөчө кооздолгон. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аянт кеңейтилип, ар бир адам эс ала тургандай эс алуучу жайлар көбөйдү.

Балатынын бийиктиги 32, диаметри 13 метрге жетет. Ошондой эле аянтта чоң сейилдөөчү зона пайда болот. Мында толук кандуу жаңы жылдык шаарча түзүлөт. Аймакты жасалгалоого 1,5 млн сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.

Количество просмотров: 220