Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо жана жаңылоо иштери жүрүп, өлкөнүн башкы желеги үчүн мамынын айрым бөлүктөрү орнотулуп баштады.
Мамы Түркиядагы эң ири заводдордун биринде жасалып, атайын жабдуулардын жардамы менен жеткирилген.
Буга чейин эски 45 метрлик мамыны (флагшток) жана ардактуу кароолдун кабинасын демонтаждоо иштери бүткөрүлгөн.
500 чарчы метр аянттагы гранит такталарын төшөө каралган.
Подрядчы — «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсы.
Белгилей кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бийиктиги 100 метр болгон жаңы мамыны орнотуу пландалууда.
Инфраструктураны жакшыртуу, борбор калаанын жарандары жана коноктору үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

