Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына Бишкектеги Ала-Тоо конушунда жайгашкан бала бакчанын жетекчиси 5 жаштагы баланы урганы тууралуу билдирүү жазды.
«Балдардын укуктарын коргоо лигасына 5 жаштагы баланын апасы кайрылды. Анын айтымына караганда, баласын менчик бала бакчанын жетекчиси (тарбиячы) башына чаап, кулагын бурап, дараатканага киргизип, жарыгын өчүрүп койгон», — деп жазган ал.
Ал белгилегендей, сабалган баланын ата-энеси милицияга кайрылган.
