• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда адамдар интернет шылуундарга 826 млн сом алдаткан

12 Жалган куран 202614:56 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, 2025-жылы интернет алдамчылык фактылары боюнча 1 547 кылмыш иши козголуп, анын 830унун бети ачылган.

Анын маалыматы боюнча, жалпы чыгым 826 млн сомдон ашып, анын 73 млн сомго жакыны кайтарылган.

«Адатта жарандар алданып калганын 1-2 күндөн кийин гана түшүнүшөт, ал эми алдамчылар акчаны 1-2 сааттын ичинде эле чыгарып кетишет. Улуттук банк менен биргеликте шектүү которууларды ыкчам бөгөттөө үчүн банктык карталардагы каражаттарды тез арада тоңдуруу системасы киргизилүүдө», — деди ал.

Министрдин орун басары ошондой эле ири суммадагы криптовалюталар менен жасалган алдамчылык учурлары катталганын белгиледи. Мындай учурларда ИИМ кылмышкерлердин мындан аркы операцияларын токтотуу үчүн криптобиржаларга кайрылууларды жөнөтүп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 163