• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алайда мал кайтарып жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланы издөө иштери уланууда

5 Чын куран 20219:07 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Алай районунда мал кайтарып жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

2-апрель күнү 2007-жылы туулган бала мал кайтарып жүрүп дайынсыз жоголгон. Окуя болгон жерге издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМнын Алай районунун башчысы, Алай райондук №68 өрт куткаруу бөлүгүнөн 9 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу, жалпы 29 куткаруучу жана ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, натыйжа болгон эмес.

Бүгүнкү күндө издөө иштери уланууда.


Количество просмотров: 199