• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Алайда сел сууларын тазалоо иштери жүрүүдө

4 Бугу 20220:02 Бишкек Govori.TV

Алай районунда сел сууларын тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-майда Ош облусунун Алай районунда саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында турак үйлөрдүн короолоруна кирген.

Жеринде ӨКМдин ыкчам тобу иш алып барууда.

Учурда жабыркаган жарандар катталган жок.

Количество просмотров: 256