• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Алайда жер көчкүсү активдешип, турак үйлөргө коркунуч жаралды

18 Бугу 2023 10:20 Бишкек Govori.TV

Алай районунун Будалык айыл аймагындагы Кум-Шоро айылында эски жер көчкүсү активдешип, 2 турак үйгө коркунуч жаралды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер көчкү бир күн ичинде 1 метр аралыкка жылган. Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 334 миң 500м³ түзөт.

ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти, Алай райондук №68 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, райондук жарандык коргонуу башчысы, Будалык айыл аймагынын башчысы жана жарандык коргонуу адиси жер көчкү активдешкен аймакка барышты.

Учурда 2 турак үйдүн жарандары коопсуз жайдагы туугандарыныкына көчүрүлүп, жер көчкү айыл аймактын башчысынын көзөмөлүнө алынды.

Количество просмотров: 52