Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 13-февралда саат 23:41де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
«Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3 балл, Иркештам, Икизяк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.